Бүгүн, Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев райондун аймагын текшерүүдө.

Аким биринчи кезекте Арча-Бешик конушундагы жаңы бала бакчанын курулушун текшерди. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы 2020-жылга карата өндүрүштүк иштеринин титулуна ылайык, Ойсул-Ата көчөсүндө 180 орундуу бала бакчанын курулушун баштаган. Учурда «КББ» бөдрөтчү курулуш үчүн жерди казуу иштерин жүргүзүүдө.

Андан кийин аким  Ак-Ордо жаңы конушундагы электр менен жабдуу тармактарынын тартылышын текшерди, учурда 16 көчөгө узундугу 6221,2 метр  темир-бетон тирөөчтөрү орнотулууда.

Мындан тышкары, "Ала-Тоо" конушуна да барды. Бул жерде, Сын-Таш жана Сары-Учкун көчөлөрүнүн кесилишинде балдар аянтчасы курулуп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Бардык көйгөйлөрдү 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу мэриянын колл-борборуна күнү-түнү калтырсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp: 0554 182185 дарегине жөнөтүңүздөр.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!