Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы муниципалдык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн дебитордук карызды өндүрүү боюнча иштери улантылууда.

2005-жылы “Лаза” компаниясына Интергельпо көчөсүнөн ижара шартында аянты 22 миң 660чарчы метр жер участогу берилип,  ижара келишими түзүлгөн.

Бирок, ижарачы келишимдин шарттарын бузуп, муниципалдык менчикти пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөгөн эмес, натыйжада 4 миллион 85 миң 468 сом өлчөмүндө карыз болгон.

Биз Ленин райондук сотуна доо арыз менен кайрылып, анда “Лаза” компаниясынын ижара акысын үчүн карызды өндүрүп берүүнү сурандык.

Райондук соттун 2020-жылыдын 2-декабрындагы чечими менен биздин доо арыз толугу менен канааттандырылып, шаардын пайдасына 4 миллион 85 миң 468 сом өндүрүлдү.

Урматтуу ижарачылар-ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын убагында төлөөнү суранабыз.

Бишкек-сүйүктүү укуктук шаар!