Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте шаарды мыйзамсыз орнотулган объектилерден тазалоодо.

Мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүүдө бизге шаардыктар көп жардам берет.

Бишкектиктердин ыкчам билдирүүлөрүнүн негизинде №3 кичи районундагы жана  №5 кичи районунун 71/1 дарегиндеги унаа токтотуучу жайындагы темир тосмо алынды. «Тунгуч» кичи районундагы тоок-гриль саткан төрт түйүн, бастырма жана уруксат документтери жок бир соода күркөсү алынып салынды.

Айни жана Муромский көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянты 15 чарчы метр болгон күркөнүн темир бастырмасы алынды.

Ошондой эле  «Ала-Тоо» борбордук аянтындагы күч өлчөгүчтөрдү, оюн конструкциялары текшерилип, ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бузуулар жоюлду.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз! Эгерде мыйзамсыз же туура эмес жерге орнотулган объектилерди көргөн болсоңуздар, 0777147493 номерине билдирип коюңуздар!

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: @uzs.bishkek
Twitter: @uzsmeriakg

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!