59 жашында Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Адылкан Бекболотов Керимкулович каза болду.

Адылкан Бекболотов 1962-жылы 24-майда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылында туулган.

Адылкан Бекболотов - СССРдин спорт чебери, республиканын он жолку чемпиону жана көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

«Динамо» биринчилигинин  төрт жолку жеңүүчүсү, СССР Кубогунун эки жолку коло медалынын ээси. Чехословакия, Сирия, Алжирде өткөн эл аралык турнирлерде ийгиликтүү чыгып, 1988-жылы Канада Кубогун жеңип алган. Боксчулук карьерасында Константин Цзю жана Орзубек Назаров менен рингде таанышкан.

Ал "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер", "Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу" ардактуу наамына ээ.

2008-2020-жылдары Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болгон.

Үч баланын атасы.

Адылкан Керимкуловичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы баарыбыз үчүн чоң жоготуу ...

Бишкек шаарынын мэриясы, Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын кызматкерлери Адылкан Бекболотовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!