Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын демилгеси менен Азиздер федерациясы менен биргеликте,  Дельфин спорт мектеби 16 жаштан баштап биринчи топтогу көрүүсү начар адамдарга (толугу менен көзү азиздер) парадзюдо боюнча "Башкача жашай башта" долбоорунун алкагында акысыз тренингдерди өткөрөт.

Машыгуу үчүн жабдуулар, бассейн жана мончосу менен машыгуу залы жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү саат 20:00дөн 22:00гө чейин берилет. Сабактар самбо жана дзюдо боюнча спорт чебери Канат Имияновдун жетекчилиги алдында өткөрүлөт.

Көзү азиздер федерациясынын башчысы жана «Башкача жашоону башта» долбоорунун негиздөөчүсү Гүлназ Жүзбаева көзү начар көргөн адамдарды активдүү жашоого көндүрүүдө көмөктөшкөнү үчүн машыктыруучуларга жана окутуучуларга ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, "Башкача жашоону баштоо" долбоору 2017-жылдан бери иштеп келе жатат, андан бери 60 тан ашуун адам колдоого алынган.

Урматтуу шаардыктар! Тренингге жазылуу үчүн төмөнкү номерге чалыңыз: 0777 851610 (Whatsapp), толук маалыматты Азиздер федерациясынын жана Дельфин спорт мектебинин фейсбуктагы расмий баракчасынан алууга болот.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!