Урматтуу шаар тургундары! Белгисиз адамдар социалдык тармактарда, мессенджерлерде өздөрүн Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, вице-мэрлердин жалпыга жеткиликтүү болгон сүрөттөрүн колдонушуп, ар кандай шылтоолор менен (жабдууларды сатып алуу, гуманитардык жардам көрсөтүү ж.б.) каражат которууну суранган шылуундар пайда болду жана алардын курмандыгы болгон  мекендештерибиз да бар.

Урматтуу кыргызстандыктар! Бишкек шаарынын мэриясы эч кандай  акча чогултуу менен алектенбейт.  Шаардык кызматтардын жетекчилери жана кызматкерлери мыйзамдардын чегинде так иштешет, шаардын бардык механизмдери укуктук талаада иштейт. мэриянын кызматкерлеринин эч кимиси жеке билдирүүлөрдү жазбайт.

Сак болуңуздар! Маалыматтарды расмий булактардан тактаңыздар!  Алдамчылык фактысына күбө болсоңуздар, дароо милицияга  кайрылыңыздар: 102.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!