Шаар өз ишин улантууда. Свердлов районунун акими Мурат Осмонов шаардыктар менен дайыма байланышта.

Бул жолу 8 шаар тургуну жеке кабыл алууга келишти, негизинен жеке турак жай курууга жер участокторун бөлүп берүү, турак жай, материалдык жардам, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, коомдук тамактануу жайлары жана базарлар боюнча маселелер менен кайрылышты.

Район башчысы жеке кабыл алууга келген жашоочулардын көйгөйлөрүн угуп, бардык  сегиз маселени  жеке көзөмөлгө алды,  алардын 1маселеси аткарылды, 7си процессте.

Урматтуу шаардыктар! Бирдиктүү терезеге кайрылып, район башчыларынын жеке кабыл алууларына жазылып, үйлөрүңүздөрдүн, көчөлөрүңүздөрдүн жана кварталдарыңыздын көйгөйлөрү боюнча арыздарды калтырсаңыздар болот.

Октябрь району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Байтик-Баатыр көч., 17 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), тел: 57-63-80, adm-oktyabr@bk.ru
Биринчи май району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Жибек-Жолу көч, 348 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), телефон: 32-51-60, 62-46-35, adm-pervomai@meria.kg
Свердлов району, (0312) 36-01-93, Чүй проспектиси  28, иш күндөрү саат 8: 30дан 17: 30га чейин, 418 кабинет, adm_sverdlov@meria.kg
Ленин району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Чүй пр., 315 (фойенин сол тарабында, Ленин акимиатынын биринчи кабаты), тел: 65-69-05, adm-leninski@meria.kg

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!