Шаар өз ишин улантууда. Күн сайын «Бишкексууканал» башкармалыгынын кызматкерлери оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшөт, суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын тартат, жалпысынан биздин үйлөрдө ар дайым таза ичүүчү суу болушун камсыз кылышат.

Көпчүлүк адамдар чыпкаланган гана суу ичсе болот деп эсептешет. Анткени, суу чыпкалары микроорганизмдерди жана микробөлүкчөлөрдү кармап, сууну жумшартып, жагымсыз жыттардан тазалайт.

«Бишкексууканал» башкармалыгынын «Шаартүтүктөрү» бөлүмүнүн химиялык-бактериологиялык лабораториясынын инженер-бактериологу Ирина Стусьева Бишкектеги ичүүчү суу күн сайын текшерилип, анын сапаты ичүүчү суу эрежелерине ылайык техникалык стандарттарга жооп берерин ырастады. Бишкекте артезиан минералдашкан суу чорголордон агат, анткени суу 300 метрден 180 метрге чейинки жер астындагы кудуктардан алынат. Ушундан улам, бардык минералдар сууда сакталат жана жасалма кошумчаларды талап кылбайт.

Өз кезегинде, үйүңүздө же батирде ичүүчү сууну тазалоочу чыпка орнотулган болсо, анда аны айына же кварталына бир жолу алмаштыруу зарыл. Эгер алмаштырылбаса, анда жугуштуу ооруларды алып келиши мүмкүн.
Урматтуу шаардыктар! Суу менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча 1533 номерине чалсаңыздар болот.  Ошондой эле, мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кайрылууларды күнү-түнү кабыл алат. Ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун 0554 182-185 номерине жибериңиздер.

Биз дайыма байланыштабыз. Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!