Бизде жакшы жаңылыктар бар! Биз Түштүк-2 кичи районундагы №3, №5 жана №6 турак үйлөргө алты жаңы жүргүнчү лифтин орнотууну аяктадык. Бүгүн борбор калаанын турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жабдууларды, кабинанын деталдарын, техникалык документтерин текшерип, лифтти ишке киргизди.

Жүргүнчү лифттерин модернизациялоо боюнча иштер «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы тарабынан улантылууда.  2020-жылдын планына ылайык, 25 жылдан ашык убакыттан бери иштеген  21 муниципалдык лифтти жана №1 шаардык клиникалык ооруканасындагы  лифти алмаштыруу пландаштырылган. Ооруканадагы лифт июнь айында эле алмаштырылып, ишке берилген.

Калган 15 лифт жыл аягына чейин орнотулат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында жабдууларды алып келүү үчүн тендер өткөрүлүп, жеңүүчү - "Могилевлифтмаш" ААК жеткирүүчү аныкталган. Жабдуулар  Бишкекке апрель айында алынып келинген.
8-декабрга карата "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы  416 үйдөгү 1007 лифтти тейлейт.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!