Шаар өз ишин улантууда. Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев райондогу чарба иштериндеги маселелерди чечүүдө.

Район башчысы пандемия шартында жаңы жылды майрамдоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү  боюнча штабдын жыйынын өткөрдү. Биз Октябрь районунун тургундары үчүн жаңы жылдык балаты орнотууну, имараттардын, мекемелердин, соода борборлорунун күндүзгү жана түнкү жасалгалоосун талкууладык.

Белгилей кетсек, райондун жаңы жылдык балатылары Д.Асанов атындагы Жеңиш паркына, 2005-жыл 24-мартындагы окуялардын урматына курулган гүл бакчага, «Тунгуч» кичи районуна жана «Көк-Жар» жаңы конушуна орнотулду.

Андан кийин аким №10 кичи районунун тургундары менен жолукту. Тургундар 2021-жылдын титулдук тизмесине №20, №24, №22, №35, №37 үйлөрүнүн ортосундагы жолдорду асфальттоо жана чоң эмес гүл бакча куруу маселелери менен кайрылышты.

№8 МАБга  мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте И.Арабаев атындагы университетинин корпусунун жанындагы мыйзамсыз орнотулган жеңилдетилген типтеги объектини алуу тапшырмасы берилди.

Райондук кызматтарга үйлөрдүн, короолордун айланасында санитардык тазалоо жана көрктөндүрүүнү жакшыртуу тапшырылды.

Текшерүүлөр райондун бардык жагында улантылууда.

Ушул учурда акимдин биринчи орун басары Кубанычбек Айтакунов Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына жана райондун участкалык шайлоо комиссияларына жардам көрсөтүү боюнча райондук штабдын биринчи жыйынын өткөрдү.

Биз 2021-жылдын 10-январында  КРнын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн материалдык-техникалык камсыздоо жана уюштуруу маселелерин талкууладык.

Урматтуу шаар тургундары! Шаардык муниципалитет дайыма байланышта! Бардык кайрылууларды 1840 жана 1850 номерлери аркылуу мэриянын колл-борборуна калтырсаңыздар болот. Ал эми көйгөйлөрдүн  сүрөт жана видеолорун  0554 182-185 номерине жибериңиздер.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!