Жаңы 2021-жылына саналуу гана күндөр калды.

Сиздерди 11-29-декабрь аралыгында Курманжан Датка эстелигинин жана "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанында жыл сайын өтүүчү Жаңы жылдык жарманкеге чакырабыз.

Иштөө убактысы: саат 12:00дөн 18: 00гө чейин, салтанаттуу ачылышы 13-декабрда саат 14: 00дө болот.

Бул жерде сиздердин ар бириңиздер Жаңы жылга карата туугандарыңызга жана жакындарыңызга адаттан тыш белектерди сатып ала аласыздар, анткени бул жерде Биринчи май районунун чакан ишканаларынын жана өндүрүүчүлөрүнүн продукциялары тартууланат.

Жаңы жылдык белек катары биз "Семетей", "Кыргыз Руху", "Доор", "Сувенир" чыгармачыл жамааттарынын жана Flyers компаниясынын жардамы менен чоңдор жана балдар үчүн маданий-көңүл ачуучу программа даярдадык. Концерттик программа 12, 13, 16, 23 жана 29-декабрда саат 14:00дөн 17:00гө чейин, бардык санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт.

Баса, талантыңыз болсо, анда сизди музыкалык чыгармачылык сынагына катышууга чакырабыз.

Сынактын катышуучулары жарманкенин концерттик программасын катышат жана алар Биринчи май акиматынын Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланат. Сынактын жеңүүчүлөрү жана сыйлык ээлери "Лайк" (жактыруу) санына жараша аныкталат.

Сынакка катышуу үчүн арыздар 2020-жылдын 25-декабрына чейин кабыл алынат. Сынак жана катышууга катталуу боюнча бардык суроолор боюнча: 0707 11 88 88 WhatsApp номерине чалыңыз.

Белгилей кетсек, сынакка бардык каалоочулар катыша алышат, жанрына, стилине жана багытына эч кандай чектөөлөр жок.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!