Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту.

Эки борбордун - Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо маселелерин талкууладык.

Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууга жана мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Эскерте кетсек, 1996 жана 2017-жылдары Бишкек шаарынын мэриясы менен Ташкент шаарынын мэриясынын ортосунда экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган.

1993-жылы 4-сентябрда Бухара шаарынын акимчилиги менен кызматташуу, ошондой эле Самарканд облусу менен экономикалык жана маданий кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлган.

Бишкек - бул достуктун шаары!