Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Биз шаардыктар менен тыгыз кызматташып, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын колдоосу менен шаарды жакшыртууну улантып жатабыз.

Жакында мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы шаардык парламенттин депутаттарынын жарандык демилгелеринин алкагында борбордогу мектептерде жана бала бакчаларда оңдоо иштерине сынактык тендер өткөрөт.

9 жалпы билим берүү уюмдарын оңдоо пландаштырылууда. №7, №47, №8 мектептеринде жана №72, №185 бала бакчаларда терезе блоктору, №13 мектепте терезе жана эшик блоктору алмаштырылат. №53 бала бакчанын чатыры, №26 бала бакчанын жыгач полу оңдолот.

Жарандык демилгелер боюнча пландалган сынактардын жалпы суммасы 8 миллион 719 миң 890 сомду түзөт.

Тендер бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат.

Сатып алуулар жөнүндө сөз кыла турган болсок, Кара-Жыгач жаңы конушунун жашоочулары сентябрда Капиталдык курулуш башкармалыгынын ушул кичирайонго канализациялык тармактарды төшөө үчүн тендер жарыялаганын, бирок тендер өтпөй калгандыгын эстешсе керек. Шаардыктардын өтүнүчү боюнча биз дагы деле болсо жогоруда аталган объект боюнча сынакты кайрадан жарыялоону пландап жатабыз, жумуштун алдын-ала баасы 3 млн 392 миң 100 сомду түзөт.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!