Бишкек шаарынын мэриясы демократиялык процесстерди изилдөө борборунун коомдук фонду менен биргеликте БУУнун «Зордук-зомбулуксуз жашоо» 16 күндүк кампаниясынын алкагында, балдар жана аялдар арасындагы зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча шаардагы мектептердин социалдык педагогдору жана психологдору үчүн окутуу вебинарын уюштурду.

Вебинарды мэриянын Билим берүү башкармалыгынын, зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам берүү борборунун,  “ЦИДП” коомдук фондунун адистери өткөрүштү.

Программа зомбулук көйгөйүн жана анын түрлөрүн түшүнүүнүгө, ошондой эле зордук-зомбулукка байланыштуу кеңири тараган жаңылыш түшүнүктөрдү жана стереотиптик ишенимдерди изилдөөгө багытталган.  Ырайымсыз мамилени алдын алуу үчүн социалдык педагогдор, мектеп психологдору анын белгилерин аныктоону, жардам көрсөтүүдө иш-аракеттердин алгоритмин билүүнү, ошондой эле балдар менен баарлашууда гендердик-сезимтал ыкмаларды колдонууну үйрөнүүсү маанилүү.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздер балдардын зордук-зомбулукка кабылып жатканына күбө болсоңуздар, дароо 102  милиция кызматына жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын бала жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмдөрүнө чалыңыздар:

Октябрь району: 510375, 0772637987 Назгуль Солтонбаева;
Ленин району:  883899,0502021404 Нуриза Сталбекова;
Свердлов району: 530576, 0706821676 Тамара Акжолтоева;
Биринчи май району: 670386, 0553 225 905 Айбек Бекетаев;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишеним телефону: 111

Сураныч! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!