Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Кыргыз Республикасынын "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы жыл сайын муниципалдык автобустардын жана троллейбустардын отургучтарын камсыздандырат.

Тендердин жыйынтыгында Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишканасы “Мега иншуренс групп” ЖАК менен келишим түзүп, 151 муниципалдык автобусту камсыздандырды.

Милдеттүү камсыздандыруу объектиси болуп, жүргүнчүнүн өмүрүнө, ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу, муниципалдык транспортто бара жатканда мүлкүнө (жүктөрүнө) келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдети менен байланышкан ташуучунун мүлктүк кызыкчылыктары эсептелет.

Урматтуу шаардыктар, айдоочулар! Сураныч! Жолдо өтө этият болуңуздар. Жолдон өтүп бара жатканда музыка укпаңыздар. Ар бир өмүр баа жеткис.

Бишкек - сүйүктүү коопсуз шаар!