Ала-Тоо конушунун  жашоочулары жана Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев шаардын инженердик кызматтары менен конушта саркынды сууларды сордуруу станциясын (КНС) долбоорлоо маселеси  боюнча жолугушту.

Аким шаардыктарды угуп, Ак-Булак жана Орто-Арык көчөлөрүнүн кесилишине канализациялык насостук станция орнотуу маселесин карап чыгууну мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына тапшырды.

Ошондой эле, "Бишкекбашкыархитектура" МИсы жана "Бишкексууканал" башкармалыгы  менен биргеликте Бишкек шаарынын  мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору  менен санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана стандарттарды мындан ары макулдашуу үчүн орнотулган канализациялык насостук станциясынын кубаттуулугун техникалык параметрлери менен аныктоо зарыл.

Урматтуу жарандар! Мэрия ар дайым байланышта! Кайрылууларды  күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу колл-борборго калтырыңыздар,  ал эми көйгөйлөрдү сүрөт жана видеолору менен 0554 182-185 номери кабыл алат.

Ошондой эле, ыкчам иштөө үчүн, биз бардык социалдык тармактарда барбыз. Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!