Айрыкча коомдук жайларда шаардыктардын коопсуздугу биринчи орунда турат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Боталиев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы сейил бакка видео көзөмөл тутумун орнотууну пландаштырууда. Тендер жакында мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланат.

Паркта 7,5 гектар аянтты камтыган 52 видео камера жана сервердик бөлмө болот. Шаардыктар үчүн жашыл зонанын бардык периметри боюнча акысыз кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар Wi-Fi зоналары орнотулат.

Жаңы паркты видеокөзөмөл менен камсыз кылуу үчүн 2 миллион 634 миң сом каралган.

Бишкек - сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!