Урматтуу Свердлов районунун тургундары! Чыгыш-5 кичи районундагы  Арбаттын алдында жаңы жылдык жарманке уюштурулуп жатат.

Бул жерден сиздердин ар бириңиздер Жаңы жылга карата туугандарыңызга жана жакындарыңызга адаттан тыш белектерди сатып ала аласыздар, анткени бул жерде Свердлов районунун чакан ишканаларынын жана өндүрүүчүлөрүнүн продукциялары тартууланат.

Алгачкы коноктор өздөрүнө  жаккан белектерди  сатып алышып, ошондой эле мэриянын Маданият башкармалыгын  концерттик программасына күбө болушту.

Ленин районунун тургундары үчүн жарманке "Октябрь" кинотеатрынын аймагында жайгаштырылды.

Жарманкеде кондитердик азыктар, ар кандай чайлар, Жаңы жылдык жасалгалар жана башкалар бар.

Жарманкеге келиңиздер! Биз сиздерди күтөбүз!

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!