Урматтуу шаар тургундары, жүргүнчүлөр! Тулпар сиз үчүн Жаңы жылдык сюрприз камдады! Эртең, 2020-жылдын 15-декабрынан 2021-жылдын 31-январына чейин виртуалдык тулпар картасына алуу боюнча  кайрылсаңыз болот.

Виртуалдык карта NFC функцияны колдогон Android смартфондорунун ээлери үчүн гана жеткиликтүү.

NFC (Near Field Communication)-бул кыска аралыкта жайгашкан (10 см чейин) жогорку жыштыктагы зымсыз байланыш технологиясы, жакын аралыкта жайгашкан түзмөктөрдүн ортосунда маалыматтарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет: мисалы, окурман терминалы менен уюлдук телефон же пластик смарт-карта ортосунда.

Баары оңой! Картаны колдонуу  үчүн, Тулпар тиркемесин жүктөп, андан кийин жеке аккаунт ачып, виртуалдык картаны кошуу  керек.

Төлөө учурунда, Тулпар тиркемесин ачып, киргизиңиз, виртуалдык картаны басып, андан кийин байланышсыз төлөм сүрөтчөсүн басасыз, телефонду валидаторго алып келип, операциянын ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө белгини күтүңүз.

Баса, виртуалдык Тулпар картасы акысыз туташтырылган жана  төлөө учурунда телефон интернетке туташып турушу керек.

Артыкчылыктары айдан ачык: транспорттун коопсуздугу, чыгымдардын ачык-айкындуулугу, эң башкысы накталай акча менен байланыш жок.  Мындан ары "Тулпар" ар дайым сиздин смартфонуңузда болот!

Виртуалдык Тулпар картасына кайрылууда суроолоруңуз же көйгөйлөрүңүз болсо, 582000 ишеним телефонуна чалып же социалдык тармактарда бизге кат жазсаңыз болот.

Коомдук транспортко тиешелүү маселелер менен төмөнкү номерлерге чалсаңыздар болот:
Шаардык транспорт башкармалыгы (маршуткалар): 0550143637;
Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы автобустардын ишин тейлейт:  0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;
Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!