Бүгүн Ленин райондук администрациясында район башчысы Чынасыл Чыныбаевдин төрагалыгы астында райондук администрациянын коллегиясы болуп өттү.

Коллегияга Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Жакышов, борбордун турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Ж.Ырсалиев жана депутаттар В.Лисниченко, Т.Сариев, аймактык кызматтардын жана МАБдардын жетекчилери катышты.

Райондо чоңдор жана балдар арасындагы укук бузууларды жана кылмыштарды алдын алуу, “Бузуулар жөнүндө” кодексинин комиссияларынын иши жана 2020-жылга грант аркылуу жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоону уюштуруу маселелери каралды.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысына укук бузуулардын алдын алуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү, кароосуз калган балдарды, ошондой эле борбордук көчөлөрдө жана базарларда кайыр сурап жүргөндөрдү аныктоо боюнча рейддик-профилактикалык иш-чараларды улантуу тапшырылды.

Райондук  акимиаттар санитардык көзөмөлдү уюштуруу иштерин күчөтөт.

Коллегиянын жыйынтыгында кызматтардын отчеттору кабыл алынып, өзгөртүүлөр жана толуктоолорду эске алуу менен токтом кабыл алынды.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!