"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери туруктуу негизде уруксат берилбеген тышкы жарнак жана жарнак структураларынын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.

“Бишкекбашкыархитектуранын” адистери  жарнама ээлерине билдирүү беришет жана мыйзамсыз жарнактарды алуу  боюнча биргелешкен рейддерге катышышат, бирок аз убакыттан кийин шаарда мыйзамсыз жарнамалар кайрадан пайда болуп, борбордун көркөм-эстетикалык көрүнүшүн бузуп келет.

Буга  байланыштуу, мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды алуучу бөлүмгө кайрылууга аргасыз болобуз.

Урматтуу ишкерлер! Сураныч, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тышкы жарнакты жайгаштыруу  эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!