Шаар өз ишин улантууда. Атайын мекемелер атайын билим берүү мекемелерин этап-этабы менен ачууга даярданып жатышат.

Чечилди! Бишкек шаарынын өзгөчө жашоочуларынын ата-энелеринин көптөгөн кайрылуулары боюнча коррекциялык класстар, атайын билим берүү мекемелери жана атайын мектептер санитардык нормаларды так сактоо менен иштей башташат. Мекемелердин кире бериштерине киргизүү чыпкаларын милдеттүү түрдө орнотуу, класстарды, жайларды системалуу түрдө желдетип туруу, маска режимин сактоо жана ар бир бала, мугалим үчүн ден-соолук журналын жүргүзүү каралган.

Белгилей кетсек, райондук акимиаттардын жардамы менен атайын мектептердин, коррекциялык класстардын, атайын бала бакчалардын мугалимдери, тарбиячылары ПЦР тесттерин акысыз тапшырышты.

Урматтуу шаардыктар, ата-энелер! Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырат.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!