"Айчүрөк" Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин базасында билим берүү уюмдарынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча окуу семинары болуп өттү.

Семинарга райондук билим берүү башкармалыктарынын адистери, борбордун мектепке чейинки жана адистештирилген билим берүү уюмдарынын директорлору катышты.

Биз иш кагаздарын жүргүзүү маселелерин жана көйгөйлөрүн чечүү жолдорун, мектепке чейинки билим берүүдөгү иш кагаздарынын өзгөчөлүктөрүн жана кадрлар менен иштөөнү талкууладык.

Бул окуу семинарынын максаты - билим берүү уюмдарынын иш кагаздарын жүргүзүүдө кызматкерлердин жалпы, кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!