Бишкекте районду, турак жай массивин, имаратты жана ага жанаша аймакты мыкты жаңы жылдык жасалгалоо боюнча борбордук мэриянын салтка айланган сынагы башталды.

Салт боюнча сынак жыл сайын жаңы жылдык маанайды жаратуу, ошондой эле Бишкектин, көчөлөрдүн, аянттардын, имараттардын жана курулмалардын жаңы жылдык жасалгаларын колдоо үчүн өткөрүлүп турат.

Сынакка Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондору, министрликтер, административдик ведомстволор, мекемелер, менчигинин түрүнө карабастан ишкердик субъекттери, жеке ишкерлер, соода борборлору жана короолор катыша алат.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

• Районду мыкты жаңы жылдык жасалгалоо.

Номинацияда төрт орун ыйгарылат.
* Бишкек шаарынын жаңы конуштарын (турак жай массивдери) жаңы жылдык тариздетүү.
Номинация боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын МАБга төрт колдоо берилет: 1 этап - райондук администрация аркылуу тандалат, 2 - этап-сынактык комиссия тандайт.
• Мыкты үй ичиндеги жаңы жылдык жасалгалоо.
Номинацияга Бишкек шаарынын мэриясынын МАБга төрт сыйлык берилет: 1 этап - райондук администрация тандалат, 2 - этап-сынак комиссиясы тандайт.
* Министрликтер менен административдик ведомстволордун имараттарынын алдындагы фасадтарын жана жанындагы жагын мыкты жаңылыктары.
Номинацияда үч сыйлык ыйгарылат.
* Фасаддар жана жанаша жайгашкан территориялар, соода жана тейлөө обьекттерин, кеңселерди жана башка обьектилерди мыкты жаңылатуу.
Номинацияда үч сыйлык ыйгарылат.
* Үйдүн жана ири соода борборлорунун жана базарларга чектеш аймактардагы мыкты майрамдык жасалгалоолор.

Номинация боюнча үч сыйлык ыйгарылат.

Сынакка жарнамалык мүнөздөгү роликтер,  ошондой эле конкурстун тематикасын ачып көрсөтпөгөн башка адамдардын кадыр-баркын жана сезимин кемсинткен видеотасмалар конкурска кабыл алынбайт.

Урматтуу катышуучулар! Сынакка катышуу үчүн 2020-жылдын 31-декабрына чейин konkurs@meria.kg электрондук почта дарегине байланыш маалыматтарын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен сүрөттөрдү жөнөтүү керек. Ар бир катышуучудан сүрөткө тартылган күндү көрсөтүү менен 5ке чейин сүрөт кабыл алынат. Сүрөттөр так жана аймактын дизайнын чагылдырышы керек, JPEG форматында 1 мегабайтка чейин.

Жыйынтыгы 2021-жылдын январь айында чыгарылат.

Суроолоруңуздар болсо, төмөнкү номур аркылуу байланышыңыздар: 0 (312) 611091.

Урматтуу шаардыктар! Жаңы жылдык сонун конкурска катышыңыздар. Келгиле, шаарыбызда майрамдык маанайды чогуу жараталы!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!