Шаардык кызматтар жана райондук администрациялар жылытуу мезгили боюнча иштерди күчөтүп, көмүр сатуу түйүндөрүнүн ишине дайыма  текшрүүлөрдү жүргүзүүдө.

Адаттагыдай эле, күз-кыш мезгилинде катуу отундун чекене сатуу  баасынын спекулятивдүү жогорулашына жол бербөө жана көмүр сатуучу пункттардын айланасында тазалыкты сактоо максатында чекене соода түйүндөрүнүн өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Көмүрдүн жетиштүү запасы бар экендиги аныкталды.

Борбор калаада 7 көмүр  базасы жана 27 стационардык пункт бар.

Көмүр сатуучу түйүндөрдө  Кара-Кече жана Шабыркул көмүрлөрүнүн бир тоннасынын баасы 4000-4200 сомго чейин.

Иштеп жаткан пункттарда бир кап көмүрдүн баасы (Кара-Кече, Шабыркул) 170-280 сомдон, көмүрдүн тоннасы 4000-4500 сомдон.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы дайыма байланышта! Сиздер күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номери аркылуу мэриянын колл-борборуна кайрылууларды калтырып,  көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн  0554 182-185 номерине жөнөтсөңүздөр болот.

Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!