Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларды көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти  бузгандарга каршы күрөшүү иштерин улантууда.

Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 70-беренеси боюнча 2-категориядагы айып пул жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Ушул эле берене боюнча  Айни көчөсүндө жайгашкан “Фарма мир”, Ахунбаев 134/1 дарегиндеги "Фарватор", Айни 85 дарегиндеги "Партнер инвестор", Үмөталиев 161/1 дарегиндеги "Триада" компанияларына, Чүй проспектиси  128 дарегиндеги  "Эпос" дүкөнүнө жана  6- кичи районунда жашаган Дүйшөнбекова А., Дэн Сяопин проспектисиндеги Малика кафесине айып пул салынды.

Таштандыларды кеч чыгаргандыгы үчүн  «Эко Транс Сервис» жана  «Комтранском» ишканаларына проткол түзүлүп, айып пул салынды.

Бакаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Сабыш", Кулатов №1а көчөсүндөгү "Мин Бир Жыгач", Токтогул №230 дареги боюнча жайгашкан "Триада", Осипенко  №107 көчөсүндө жашаган Мусабаев А.га таштандыны туура эмес жерге төккөндүгү  үчүн  айып пул салынды.

71-берененин 2-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп, жеке адамдарга - 7500 сом, юридикалык жактарга - 23000 сом айып салынат.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер жана уюмдар! Сураныч! Үйүңүздүн жана кеңсеңиздин жанындагы тартипти сактаңыздар, таштандыларды белгисиз жерлерге таштабаңыздар. Сураныч! Өзүңүздөргө жана  шаарыбызга кам көрүңүздөр!

Шаардын тазалыгын сактайлы! Мэриянын санитардык-экологиялык күзөт кызматынын байланыш номуру: 0 705 564756

Бишкек сүйүктүү шаарыбыз!