Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев Бишкек шаарынын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы менен жолукту.

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Үсөналы Рыскуловдун катышуусунда өттү.

Биз аялдар күрөшүн мындан ары өнүктүрүү жана 2021-жылга пландарды талкууладык.

Н.Токоноев спортчуларга ийгиликтери үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары спортто гана эмес, турмушта дагы чоң жеңиштерди каалады.

Өз кезегинде Үсөналы Рыскулов аялдар күрөшүн өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Бишкек сүйүктүү шаарыбыз!