Самбо боюнча дүйнө чемпионаты Сербиянын түндүгүндөгү Нови-Сад шаарында өттү.

Эл аралык турнирге 30 мамлекеттен 400дөн ашуун спортчу катышты.

Кыргызстандык самбочулар ар кандай аталыштагы 6 медалга ээ болушту, алардын үчөө Бишкектеги спорт мектептеринин тарбиялануучулары.

Ленин районунун спорт мектебинин тарбиялануучусу, эл аралык спорт чебери Карыяев Дайырбек 74 килограммга чейинки салмакта күрөш самбо боюнча күмүш медалды жеңип алды.

Дельфин спорт мектебинин тарбиялануучусу  жана спорт чебери Бактияр уулу Шумкарбек 68 кг салмакта спорттук самбо боюнча экинчи орунду ээледи.

Ленин районунун спорт мектебинин тарбиялануучусу, биздин самбо боюнча курама командадагы жалгыз кыз Абдумалик кызы Самара 52 кг чейинкилер арасында коло медалды жеңип алды.

Бишкек - бул сүйүктүү спорт шаары!