Быйыл шаардык  мектеп окуучулары бешинчи Москва эл аралык мегаполистер олимпиадасына Газпром мектебинде онлайн режиминде катышууда.

Математика, физика, химия, информатика - 4 сабак боюнча командалык мелдешке 2019-2020-окуу жылында шаардык жана республикалык олимпиадасынын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган Бишкек шаарынын 8 мектеп окуучусу  катышууда.

2020-жылдын 16-декабрында блиц-тур өткөрүлүп, ар бир предмет боюнча англис тилинде 20дан суроо берилген.

Блиц-раунд көз карандысыз мелдеш болуп саналып  анын жыйынтыгы жалпы эсепте эске алынбайт.

Бүгүн, 17-декабрда биринчи практикалык тур, 19-декабрда экинчи теория туру өтөт.

Мегаполистердин олимпиадасы 2020-жылдын 16-19-декабрында өтүп,  ага дүйнөнүн ири шаарларында жашаган 14-18 жаштагы балдар катышышат.

Мегалополистер олимпиадасы - эл аралык командалык мелдеш болуп саналат, ал жыл сайын Москва шаарында мэрдин демилгеси менен өткөрүлөт.

Биринчи олимпиада 2016-жылы өткөрүлүп,  ага 22 мегаполистен 173 мектеп окуучусу катышкан.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!