Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова Белградда (Сербия) өткөн эркин күрөш боюнча жеке дүйнөлүк кубокто алтын тагынышты.

Р.Санатбаев атындагы шаардык спорт мектебинин тарбиялануучусу Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта күч сынашты.

Финалда ал латвиялык Анастасия Григорьеваны 14: 0 эсеби менен жеңип, күрөштү мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктады.

Баса, А.Тыныбекова чоң эсеп менен атаандаштарын ишенимдүү аттап өттү. Биринчи кармашта 10:0 эсебинде румыниялык Криста Инчени, Россиянын спортчусу Любовь Овчарованы 13: 2 эсебинде жеңип алды.

Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алтын тагынды.

Финалда ал чехиялык Адела Ганзличкова менен кез келип, 8: 2 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда М.Жуманазарова украиналык Алина Стадникти ачуу күрөштө жеңип алды. Мушташ 6: 6 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, акыркы эффективдүү аракети менен жеңиш Мээримге берилди.

Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова - Ленин районундагы спорт мектебинин тарбиялануучусу.

Бишкек - бул сүйүктүү спорт шаары!