Сербияда өткөн грек-рим күрөшү боюнча жеке дүйнөлүк кубокто биздин балбандар бир алтын жана бир коло утуп алышты.

Биринчи медалды 72 килограммга чейинки салмак ченинде Р. Санатбаев атындагы спорт мектебинин тарбиялануучусу Руслан Царев жеңип алды.

Коло үчүн күрөштө ал армениялык Аик Мнацаканянды 3: 1 эсебинде жеңип алды.

Ошол эле күнү кечинде Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде россиялык Степан Марянянды жеңип, 2020-жылдагы Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү болду.

Айта кетсек, Ж.Шаршенбеков Р. Санатбаев атындагы спорт мектебинин бүтүрүүчүсү.

Бишкек - сүйүктүү шаарыыбыз!