Ар бир райондук администрациялардын мобилдик топтору жеке мончолорго жана сауналарга жалпы рейд уюштурду.

Текшерүүлөр  Санитардык-экологиялык инспекциянын, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, МАБ өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Октябрь району боюнча 16 объект текшерилип, 7500 сомго 1 протокол түзүлдү;
Биринчи май районунда 15 мончо текшерилип, 7500 сомго 1 протокол түзүлгөн;
Ленин районунда 24 объекти каралып, 7500 сомго 1 протокол жазып бердик;
Свердлов районунда 19 мончо текшерилип, мыйзам бузуулар болгон эмес.

Эки күндө 74 объектини текшерип, 22 500 сомдук 3 протокол түздүк.

Мындай рейддер дагы уланат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 71-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды белгисиз жерлерде өрттөө, ошондой эле жалбырактарды өрттөө 4 категориядагы айып салууга алып келет,  жеке адамдарга - 7 миң 500 сом, юридикалык жактар үчүн - 23 миң сом.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!