Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Алтынбек Маматов ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча салык кызматынын, МСКБнын райондук башкармалыгынын жана Каржы министрлигинин, райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда киреше боюнча штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйында быйыл жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын талкууладык.

2020-жылдын январь айынан баштап ноябрь айына чейин шаардык бюджетке 943 миллион 900 миң сом салык төлөмдөрү жана жыйымдар келип түштү, такталган план 984 миллион 300 миң сом менен, пландын 95,9% түздү.

Жыйынтыгында салык кызматтарына жергиликтүү бюджеттин кирешелерин салыктын түрлөрү боюнча аткаруу жана кыймылдуу мүлккө жана таксилерге салыктарды чогултуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Пандемияга карабастан салыктарды өз убагында төлөгөндүгү үчүн ишкерлерге ыраазычылык билдиребиз!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!