2020-жылдын 19-декабрында саат 13:00дө “Дордой дыйкан” базарынын аймагында эт сатуучу дүкөн ачылды (Садыгалиева 9а / 2).

Ачылышына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев, Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев жана базардын директору Эркинбек Салымбеков катышты.

Дүкөндүн аянты 1 миң 300 чарчы метрди түзөт. 47 соода орун даярдалып, айына 7 миң сомдон ижара акысы төлөнөт. Иштөө убактысы: күн сайын эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин.

Базардын ичинде ар бир эт азыктары кылдат лабораториялык текшерүүдөн өтүп, андан кийин гана чекене сатуу жайына жөнөтүлөрүн эскертебиз.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!