"Чемпион" футболдук борборунда футбол боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн ачык биринчиликтин жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Сыйлыктарды 10 жаштан 16 жашка чейинки шаардык клубдарынын 60 спортчусу алды.

Сыйлык тапшыруу аземине Бишкек шаарындагы футбол федерациясынын аймактык кеңсесинин директору Мелис Кошалиев, "Дордой", "Абдыш-Ата", "Илбирс" футболдук клубдарынын өкүлдөрү, СДЮШОРдун директорунун орун басары С.И. Юрий Ковалев, Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси Марат Үсөнов катышты.

Бишкек -  сүйүктүү шаарыбыз!