Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен кезектеги пландык жыйыны өттү.

Биз учурдагы аткарылып жаткан ишти жана 2021-жылга карата перспективдүү пландарды талкууладык.
Биринчи кезекте калаа башчысынын милдетин аткаруучу жамаатка “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын жаңы дайындалган директору Капаров Талантбек Ташиевди тааныштырды.

Турак жай-коммуналдык чарба блогу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу шаардык чарба департаментинин директору Нурлан Эшенбаев айтып берди.

Калаа башчысы ТЖКЧ иштерине толук реформа жүргүзүүнү тапшырды.

Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы азыркы абал боюнча “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасынын директору Нурлан Наматов отчет берди.

Долбоор боюнча Балбак Түлөбаев бардык маалыматтарды коомчулукка берүүнү жана муниципалитеттин сайтына жайгаштырууну, долбоорду ишке ашырууну кечеңдетүүсүн текшерүү үчүн Башкы прокуратурага кат даярдоону тапшырды.

Шаардык транспорттун ишинин туруктуулугун жана сапатын жакшыртуу,  ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында вице-мэр Азиз Алымкулов Бишкек шаарында монорельстүү транспорттук тутум долбоорун сунуштады.

Вице-мэр мындай тутумдун артыкчылыгы анын жүк көтөрүмдүүлүгү, айлана-чөйрөгө ыңгайлуулугу,   көчөлөрдөн түшүрүүлөрү жана коопсуз кыймылы экендигин жана курулушу Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын бойлой пландаштырылып жаткандыгын  белгиледи.

Жыйынтыгында Балбак Түлөбаев катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу  Артем Новиковдун  Бишкек шаарынын жашоосун жакшыртуу боюнча перспективдүү чаралар жөнүндө кайрылуусу менен тааныштырды жана ага ылайык шаардык кызматтарга тиешелүү тапшырмаларды берди.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!