Борбор калаанын такси парктарынын бири жаратылыш газын колдонуп баштады.

Автоунаалардан чыккан зыяндуу газдарды азайтуу максатында Бишкектеги "BiTaxi" такси паркы толугу менен жаратылыш газына өттү.

Компаниянын жетекчилигинин айтымында, мындай иш-чаралар абаны тазалоого жана жарандарга зыяндуу таасирди азайтуу максатында көрүлдү.

Белгилей кетсек, 8 жылдан бери "Namba Taxi" аталып келген бренд, өзүнүн атын бишкектик такси "BiTaxi" деп өзгөртүп, компания өзүн өзгөчөлөнтүп жашыл жана  кызгылт сары түстү колдонууда. Жашыл түс:гүлдөп-өсүүнү, айлана-чөйрөгө кам көрүүнү түшүндүрөт жана кызгылт сары түс: кубаныч, жандуулукту билдирет.

“BiTaxi” рахмат! Борбор калаанын мэриясы компаниянын шаардын экологиясына кошкон салымы үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирет.

Бишкек-сүйүктүү  шаарыбыз!