Шаар өз ишин улантууда. Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы  коомдук жайларда көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти бузгандарга каршы күрөшүү иштерин улантууда.

Бул жолу санитардык бөлүм Бөкөнбаев көчөсү, 59 дарегиндеги  “BBC” жана «Кухни на колесах» ашканаларына, Чүй проспектиси, 110 дарегиндеги  "Бир Эки" тез татым кафесине, Фучик көчөсүнүн 20-үйүндөгү "Каныкей" дүкөнүнө, Подольская, 2 дарегиндеги  унаа жолдо мыйзамсыз көмүр саткан шаар тургуну Д.К.га, Көлбаев, 21а дарегиндеги “Партнер Кей Джи” компаниясына, Фрунзе көчөсү, 150 дарегиндеги конок үйүнүн ээлерине карата протоколдор түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 70-беренесинин 2-категориясындагы айыптар, жеке жактар үчүн аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузуу - 3000 сом, юридикалык жактар үчүн - 13000 сом айып төлөмдөрү каралат.

Таштандыны туура эмес жерге төккөндүгү үчүн шаар тургугну С.Н.ге Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 71-беренесинин 1-бөлүмү менен протокол түзүлдү. Ошол эле берене боюнча "Лекарь" дарыканасына, Көк-Жар кичи районундагы №9 үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу  №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна  чаралар көрүлдү.

Аларга 3-категориядагы протокол түзүлдү: жеке адамдар үчүн 5 миң 500 сом, юридикалык жактар үчүн 17 миң сом каралган.

Белгилей кетсек, санитардык кайгуул кызматы жыл башынан тартып  көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 11 миллион 690 миң сомдук 1441 протокол түзгөн. Дээрлик 12 айдын ичинде 12 миң ишкердик субъекттерди кыдырып , 500дөн ашык эскертүү  берилген.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер жана уюмдар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Шаардын тазалыгын сактайлы! Мэриянын санитардык-экологиялык күзөт кызматынын байланыш номери: 0 705 564756

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!