Борбор калаанын мэриясында кайрадан кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.

Бүгүн, Бишкектин шаар куруу, архитектура жана жер маселелери боюнча жаңы дайындалган вице-мэри Сагындык уулу Азамат Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды.

Сынактын жыйынтыгы менен Арынов Шайлообек Сапаралиевич борбордук мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

Ал 2014-жылдан бери капиталдык курулуш башкармалыгында адис кызматынан тартып,  2019-жылы техникалык бөлүмдүн башчысына чейин көтөрүлгөн.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!