Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Ала-Тоо” аянтындагы мыйзамсыз объектилерди текшеришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жеңилдетилген типтеги мыйзамсыз объектилердин (күч өлчөгүчтөр, оюн конструкциялары) иштеп жаткандыгы аныкталды.

Демонтаждоо учурунда биз объектилердин ээлеринин агрессивдүү каршылыгына туш болдук. Баардык процесс биздин кызматкерлердин объектилерин атайын унаага жүктөп кетүүсүнө жол бербөө аракеттери менен коштолду.

Объектилердин ээлери унаалары менен биздин кызматкерлерди ээрчип  базага чейин барышты. Бул тууралуу Биринчи май районунун акими Нусувалиев Максат Орозбековичке кабар берилди. Ошондой эле, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери да жөнөтүлгөн.

Аким баштаган мэриянын кызматкерлери менчик ээлерине жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аким ишкерлердин арыздарын жана сунуштарын угуп, тынчтык жол менен чечилерин билдирди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында базага мыйзамсыз орнотулган 5 бирдик объект алынып келинди. Анын ичинен 3 күч өлчөгүч, 2 оюн конструкциясы.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз. Эгерде мыйзамсыз же туура эмес жерге орнотулган объектилерди көрсөңүздөр, дароо 0777147493 номерине билдирип коюңуздар.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: @uzs.bishkek
Twitter: @uzsmeriakg

Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!