Бүгүн, Россия илим жана маданият борборунун   залында  Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган көркөм окуу сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Иш-чарага борбор калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева, Кыргыз Республикасындагы Роскызматташуу  өкүлчүлүгүнүн жетекчиси  Виктор Нефедов, билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева, сынактын катышуучулары, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Сынактын 18 жеңүүчүсү дипломдор жана белектер менен сыйланды:

1 орун:
- Муратбаева Арууке, 11-класс, № 62МГ;
- Рзаев Ильхам, 10-класс, № 61 МГ;
- Кудрин Максим, 10-класс, №29 МГ;
- Ву Ян, 8-класс, № 6 автордук МГ;
- Адылова Алтынай, 11-класс, № 69 ОК;
- Маданбеков Чолпон, 11-класс, №76 МЛ.
2-орун:
- Ошуркина Даяна, 10-класс, № 20 МГ;
- Омурзакова Саида, 9-класс,  №72 МГ;
- Дженибеков Никита, 9-класс, №29 мектеп;
- Мокенов Элмырза, 7-класс, № 6 МГ;
- Абдылдабек кызы Бермет, 10-класс, №89 мектеп.
3-орун:
- Хасанова Эвелина, 10-класс, №26 мектеп;
- Кыдыкбеков Ажар, Октябрь райондук балдардын чыгармачылык борбору;
- Салимбаева Мария, 11-класс, №13 мектеп;
- Демина Елизавета, 7-класс, №27 орто мектеп;
- Шамилбек кызы Элеонора, 9-класс, №24 МГ;
- Мусаева Диляра, 9-класс, №53 мектеп.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Игорь Воронцовдун аткаруусундагы "Катюша" жана "Жеңиш күнү" ырлары бул иш-чаранын көркү болуп калды.

Эске салсак, 2020-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасындагы  Роскызматташуу  Өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган көркөм окуу сынагынын тандоо туру өткөрүлгөн.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!