Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев балдарды куткаруудагы эрдиги жана тайманбастыгы үчүн Армис Дайынов менен Максат Шарапидиновго чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, 2020-жылдын 17-декабрында саат 17:30 чамасында Лев-Толстой көчөсүндөгү №146 үйдүн экинчи кабатында өрт чыккан. Ошол учурда батирде жашы жете элек үч бала болгон.

Балдардын айтымында, алар көчөдөн өтүп бара жатып, терезеден жардам сураган балдарды көрүшкөн. Алар дароо жардамга чуркап, экинчи кабатка көтөрүлүп, үч баланы алып чыгышкан.

Ч.Чыныбаев ыраазычылык баракчаларын жана китептерди тапшырды.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!