Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясы өз өзгөртүүлөрүн киргизип, бул жылы салттуу Жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлбөйт.

Мэриянын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 1 миң 33 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз калган жана эки убактылуу жашоо борборунун тарбиялануучуларына, 26 бейөкмөт уюмдун камкордукка алынган балдарына таттуу белек түрүндө даректүү социалдык колдоо көрсөтүлөт. Шаардык бюджеттен 578 миң 500 сом каралган.

Ошондой эле, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары  турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин балдарына 8 миңден ашуун таттуу белектерди сатып алышты, бул максаттарга 4 миллион 208 миң 500 сом бөлүнгөн.

Кичинекей  бишкектиктерди райондук акимиаттар дагы куттукташып, калктын социалдык аялуу катмарынын балдарына белектерди тапшырышты.

Белгилей кетсек, 10 миңден ашуун балага таттуу белек түрүндө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү пландаштырылып, шаардык бюджеттен 5 млн 600 миң сом каралган.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!