Бишкек шаарынын мэриясында жаңы директор.

“Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын директору болуп Дербишев Урмат Маликович дайындалды.

Ал буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында эмгектенген.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!