№6  мектеп-гимназиясынын базасында борбор калаанын мектептеринин директорлору үчүн тренинг болуп өттү.

Биз билим берүү уюмдарын аккредитациялоонун жол-жобосун, этаптарын  талдап чыктык.

Ошондой эле, билим берүү уюмунун минималдуу талаптары жана өзүн-өзү баалоосу боюнча презентация болуп, мектептин портфолиосунун документтери, аккредитациядан өтүү жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин, билим берүү башкармалыгынын маалымат тутумуна катталуу тартиби боюнча маалымат берилди.

Бардык катышуучуларга аккредитациялоо боюнча колдонмолор  таратылды.

Тренингдин максаты - билим берүү уюмдарынын аккредитациялоонун негизинде мектеп жетекчилеринин жалпы кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!