Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясы өз өзгөртүүлөрүн киргизип, бул жылы салттуу Жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлбөйт.

Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев турмуштук оор кырдаалда турган балдарга таттуу белектерин тапшырды. Таттууларды райондон 30 бала алды.

Белгилей кетсек, Ленин районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 2 миңге жакын балага белектерди берүүнү пландаштырган.

Ошондой эле Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев  райондун балдарын келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады.

Аким менен биргеликте социалдык маселелер боюнча орун басары Аида Рысбаева райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн  20 баласына жаңы жылдык белектерин тапшырды.

Биринчи май районунда 1650 бала камтылган.

Свердлов районунун жетекчиси Мурат Осмонов реабилитациялык борборлорго, социалдык өнүктүрүү башкармалыгына катталган балдарга белектерин тапшырды.

Баса, Свердлов районунда 2 миңден ашуун белек даярдалды.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!