2020-жылдын 25-декабрында №13 мектептебинде залкар жазуучу Ч.Айтматовдун жаркын элесине арналган "Айтматов менен жалгыз" аттуу жалпы шаардык көркөм окуу конкурсунун финалы болуп өттү.

Сынакка жазуучунун эжеси Айтматова Роза Туракуловна, райондук мектептердин директорлору жана мугалимдер келишти.

Ушул жылдын 15-18-декабрында өткөн райондук тандоо турунда жеңишке жетишкен 23 мектеп  окуучусу адабий сынака катышты.

Биринчи орунду №2, 6, 24, 33, 69, 85чи мектептердин окуучулары ээлешти, алар планшеттер жана сертификаттар менен сыйланышты.

Экинчи жана үчүнү орунду № 4, 6, 9, 11, 14, 20, 31, 39, 41, 54, 60, 62, 64, 67, 93, 96 мектептердин окуучулары ээлешти. Алар ардак грамоталар жана акылдуу сааттар менен сыйланышты.

Сыйлыктарды Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева тапшырды.

Белгилей кетсек, Ч.Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу сынагы биздин жакшы салтка айланып калган, аны шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгы  жыл сайын өткөрүп келет.

Окуучуларыбызга окууларына ийгилик каалап жеңиши менен куттуктайбыз!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!