Шаардык мэриянын Жер ресурстар башкармалыгы  муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын чоң көлөмдө төлөбөгөндөр менен иштөөнү улантууда.

Бул жолу ири карызды ЖЧК "M.И.С.К.Б" төлөйт.

Ижара келишимине ылайык, 2012-жылы Турусбеков жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен 2056-жылга чейин аянты 1080 чарчы метр жер тилкесин бергенбиз.

Бирок, ошондон бери ижара акы шаардык бюджетке түшө элек. Бүгүнкү күндө карыз 1 миллион 12 миң 414 сомду түзөт.

Биз сотко кайрылууга аргасыз болдук. Октябрь райондук соту доо арызды толугу менен канааттандырып, компанияны карызды төлөп берүүгө милдеттендирди.

Урматтуу ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдаланганыңар үчүн ижара акысын убагында төлөп берүүңүздөрдү суранабыз.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстарын башкаруу  бөлүмүнө, Чокморов көчөсү 246 дареги боюнча кайрыла аласыздар .Телефон: (0312) 45-42-73 жана WhatsApp 0701012555 номуру аркылуу байланышсаныздар болот.

Бишкек - сүйүктүү мыйзамдуу шаарыбыз!