Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аларды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктап, материалдык жардам берди.

«Социалдык аяр катмардагы жарандар мамлекеттин, социалдык жана медициналык кызматтардын өзгөчө көңүл буруусуна муктаж. Өкмөт өз кезегинде медициналык жана социалдык тейлөө сапатын жакшыртуу, тоскоолдуксуз чөйрө үчүн шарттарды түзүү үчүн күч-аракетин жумшайт», - деди Эльвира Сурабалдиева жана аларга чың ден-соолук жана бакубаттуулукту каалады.

Вице-премьер-министр мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарын жаңы жыл майрамы алдында аяр катмардагы жарандарга көңүл буруп, алардын абалынан кабар алууга чакырды.

Соңунда аталган жарандардын тийиштүү жардам алуусуна көмөк көрсөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.