Дене тарбия жана спорт башкармалыгы  Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясы менен биргеликте "Газпром-Балдар" дене тарбия жана эс алуу комплексинин (ФОК) базасында Арча-Бешик к/м аймагында грек-рим күрөшү боюнча 2004-2006-жылы туулган жигиттер арасында мелдеш өткөрүштү.

Турнир СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучуларын жана спорт чеберлерин эскерүүгө арналган Эл аралык "Мемориалдын" алкагында өттү.

Мелдештин ачылышы шаардык мэриянын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев, КРнын күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминовдун катышуусунда болуп өттү.

Өлкөнүн спорттук мектептеринен жана клубдарынан келген 100 грек-рим күрөшү 41 кгдан 110 кг чейин 11 салмак категориясында күч сынашты.

Байгелүү орундарды Ленин районундагы борбордун спорт мектебинин алты окуучусу ээледи.

Биринчи орунду төмөнкүлөр жеңип алышты:
Бердикулов Нурболот - 2004-жылы туулган - 45 кг салмакта;
Бейшекеев Раззак – 2004 жылы туулган  –  60 кг салмакта;
Жекшенов Арсен - 2004 жылы туулган -  65 кг салмакта;
Гасанов Исмаил – 2004 жылы туулган – до 92 кг салмакта.

Коло медалдын жеңүүчүлөрү:
Каримов Баяман - 2004-жылы туулган - 65 кг салмакта;
Сусуза Саид - 2005-жылы туулган - 71 кг салмакта;

Белгилей кетсек  пандемияга байланыштуу мелдештер мурунку СССР өлкөлөрүнүн мушкерлеринин катышуусуз өткөрүлдү.

Бишкек -спорттук шаар!